Биз менен байланышыңыз

Путин коңшу өлкөлөрдү Орусия менен мамилени начарлатпоого чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Мар 2022 | 740 | 0

Орусия президенти Владимир Путин бүгүн, 4-мартта жаңы «Маршал Рокоссовский» паромунун желегин көтөрүү аземинде сөз сүйлөп жатып, коңшу өлкөлөрдү Орусия менен мамилени курчутпоого жана начарлатпоого чакырды.

«Мен дагы бир жолу баса белгилегим келет, биздин коңшуларыбызга карата эч кандай жаман ниетибиз жок. Анан да кырдаалды курчутпоого, эч кандай чектөө киргизбөөгө кеңеш берет элем. Биз бардык милдеттенмелерди аткарабыз жана мындан ары да аткара бермекчибиз. Кырдаалды курчутуунун, мамилебизди начарлатуунун кереги жок. Ал эми биздин кандайдыр бир чараларыбыз ар дайым Орусияга каршы достукка жатпаган аракеттерге жооп катары болот», — деди Путин

Орус лидеринин айтымында, чет элдик өнөктөштөрдүн Орусия менен биргелешкен долбоорлордон баш тартуусу зыяндуу, бирок коюлган милдеттер аткарылат.

Эске салсак, буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тынчтыкты сактоо ишине киргизилген өзгөртүүлөрдү ратификациялоо үчүн Мамлекеттик Думага сунуштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM