Биз менен байланышыңыз

Президент кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 5 Мар 2022 | 634 | 0

Бүгүн, 5-мартта президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады. Ал ак калпак  – элдин тарыхы менен тыгыз байланышып, маданияты менен турмуш-тиричилигинин ажырагыс бир бөлүгү болуп келгенин айтат.

Ата-бабалардан калган ак калпак маданий мурасыбыздын маанилүү көрөңгөсүнө айланды.

«Жыл сайын өлкөбүздө 5-март ‒ Ак калпак жана улуттук кийим күнүнө карата анын маани-маңызын чечмелөө, жайылтуу менен, кыргыз маданиятына болгон атуулдук сезимдерди ойготуу максатында жер-жерлерде салтанаттуу иш-чаралар уюштурулуп келе жатканы кубандырат. Аларды белгилөө менен кыргыз элинин салттуу маданиятынын асыл-наркы жаштар арасында жайылтылып,  өнүктүрүлүп, даңазаланып келет», -деди Жапаров.

Бүгүн, «Ак калпак күнүнө» карата калпак жана улуттук кийимдердин күнү белгиленет. Иш-чара Бишкек шаарындагы «Ынтьмак-2» сейил багында өтөт. Анда жөө жүрүш, флешмоб (калпак бий), «Кыргыздардын салттуу кийими» үй-бүлөлүк кийим топтомунун көргөзмөсү жана элечек ороо, калпак жасоо, сайма саюу боюнча мастер класстар өтүп, концерттик программа менен коштолот.

Иш-чара саат 10:30 улуттук кийимдерди кийген жарандардын жүрүшү менен башталат.

Copyright © 2017 Maral FM