Биз менен байланышыңыз

Депутат, мугалим, журналист, блогерлерден турган командалар футбол ойнойт (сүрөт)

Кыска кабар , Спорт | 4 Мар 2022 | 1674 | 0

Кыргызстанда алгачкы жолу 25 жаштан 35 жашка чейинки мамлекеттик кызматкерлер, эл өкүлдөрү, өнөр адамдары, дарыгерлер, мугалимдер, ишкерлер, журналисттер жана башка ар тармактуу жаштардын башын бириктирген «Келечек» кичи футбол турнири өтөт.

Турнир Бишкек шаарында 5-мартта «Газпром балдарга» ден соолукту чыңдоо борборунда болот. Саат 14:00дө расмий ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов катышат.

Жалпы 8 команда катышуусу пландалып жатат, алар: мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер, блогерлер, ырчылар, эл өкүлдөрү, дарыгерлер, журналисттер жана мугалимдер командалары.

Турнирдин жалпы байге фонду 110 миң сомду түзсө, мындан тышкары «мыкты оюнчу», «мыкты бомбардир», «мыкты дарбазачы», «мыкты коргоочу» жана «мыкты күйөрман» номинациялары да каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM