Биз менен байланышыңыз

«Мамлекеттик Туу талаш-тартыш менен кабыл алынган»

Коом | 3 Мар 2022 | 715 | 0

Бүгүн мамлекеттик Туунун кабыл алынганына толук 30 жыл болду. Буга байланыштуу борбордо президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өттү. Эгемендиктин символун кабыл алуу өлкө башындагылар үчүн оңойго турбаганы айтылат. Мамлекеттик Туунун авторлорунун айтымында, аны иштеп чыгууга 3 айдан ашык убакыт сарпталган. 

Бүгүн Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында мамлекеттик Туунун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Анда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, өлкө калкын майрамы менен куттуктады.

Президент бүгүнкү күндө Кыргызстандын желегин чет жактарда желбиретип жүргөн демилгелүү жаштар көп экенин айтты. Өзү да Кыргызстандын аброюн эл аралык коомчулук алдында көтөрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

«Кыргыз мамлекеттүүлүгү мындан ары да чыңдалып, байрагыбыз бийик желбирей берсин. Бүгүнкү салтанаттуу иш-чарага байланыштуу алоолонгон от сымал кызыл түстөгү байрагыбыздын келбетине токтоло кетейин. Мындан 30 жыл мурун эл өкүлдөрү талашып-тартышып, тактык жараткан талкуудан соң кабыл алынган мамлекеттик желек тууралуу мыйзамды сыйлашыбыз абзел. Ошондой эле мыйзам үстөмдүгү өкүм сүргөн мамлекет катары бул мыйзамдын аткарылышын камсыз кылышыбыз кажет. Мамлекеттик желегибиздин кабыл алынганынын 30 жылдыгы менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктайм».

1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын парламенти Советтер Союзунан көз карандысыздыгын жарыялаган. Андан соң эгемен өлкөнүн атрибуттарын кабыл алуу үчүн атайын комиссия түзүлүп, Жогорку Советтин депутаты, жазуучу Казат Акматов төрагалыгына бекитилген.

Туунун негиздөөчүлөрүнүн бири Бекбосун Жайчыбеков сынакка катышкан 600дөн ашык адамдын ичинен бешөө гана тандалганын, анын ичинде автор өзү да бар экенин айтты.

Жайчыбеков мамлеттик Тууну биринчилерден болуп Ак үйдүн үстүнө көтөрүп чыккан.

«Конкурстун жыйынтыгында бешөөбүз тандалганбыз. Туунун үстүндө 3 айдан ашык убакыт Жогорку Кеңеш менен биргеликте иштедик. Ал убакта эч кимдин өнөрканасы жок болчу. Баары менин үйүмдө жасалды. Талаш-тартыш менен бүттү. Биз башында көгүлтүр түстө жасаганбыз. Бирок кийин Жогорку Кеңеш кызыл түстү кабыл алышты. Желекти беш автордун ичинен мени көтөрүп чык деп сунушташты. Ошондо Кыргыз ССРинин туусун түшүрүп, Кыргыз Республикасынын байрагын көтөрдүк. Биринчилерден болуп мен көтөрүп чыкканымды бүгүнкү күнгө чейин сыймыктануу менен айтып келем».

Эгемен Кыргызстандын Туусу алгач «Кыял» улуттук кол өнөрчүлүк бирикмесинин цехинде түндөп даярдалган.

Легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев Тууну депутаттар узак мөөнөткө созулган талаш-тартыштан кийин гана кабыл алышканын айтып берди. Ал желектин эмне себептен кызыл түстө болуп калганын түшүндүрдү.

«Мындан 30 жыл мурун биз легендарлуу парламентте талкуулаганда аябай кызыл чеке болгонбуз. Ар кандай үлгүлөр келип түшкөн. Кызыл, көк, күрөң, жашыл деп да айтылган. Айлабыз кеткен. Манас бабабызды эстеп, манасчы, окумуштууларды алып келип сураганбыз. Самар Мусаев аттуу окумуштуу Манастын туусу кызыл деп айткан. Ошондо баарыбыз макул болуп, кызыл түстү кабыл алганбыз. Кызыл түстүн жамандыгы деле жок. Кызыл өң – каармандыктын, эр жүрөктүктүн, эгемендиктин белгиси. Биз туура чечим кабыл алдык деген ойдобуз».

Туунун авторлорунун бири Сабыр Иптаровдун жубайы Бурул Шамбаева бүгүнкү күндөгү жаштардын мамлекеттик Тууга болгон сый мамилесинен кеп салды.

«Бул желек элге сиңди. Элдин акыл-эсинде, элесинде, тарыхта мамлекеттик туу калыптанып калды. Анын өзүнүн орду бар. Себеби желек – бул эгемендиктин белгиси. Мен көбүнчө жаштар менен иштейм. Азыркы жаштар бул желекти сыймыктануу менен карашат. Көкүрөгүнө көтөрүп жүрүшөт. Желекке байланыштуу мыкты жигиттерди билем. 2-3 жыл мурун Азамат аттуу бир бала болгон. Борбордук аянтта катуу шамал болуп, Туу жерге түшүп калган. Түнкүсүн ал жерде күзөт болбойт да. Азамат жаанга карабастан, таң атканча желекти көтөрүп, ошол жерде турган. Атайын уюмдарды чакырып, ыраазычылык билдиргенбиз. Ошодой патриоттор биздин мамлекетте бар».

Кыргызстан СССРден көз карандысыздыгын жарыялагандан 7 ай өткөндөн кийин, 3-мартта Жогорку Кеңеш эгемендиктин эң башкысы белгиси — мамлекеттик Тууну кабыл алып, ал алгач Өкмөт үйүндө 4-мартта көтөрүлгөн.

Мамлекеттик туунун авторлору: Жусуп Матаев, Сабыр Иптаров, Бекбосун Жайчыбеков, Маматбек Сыдыков, Эдил Айдарбеков,

Бул салтанат борбор калаадан тышкары бардык облустарда, райондордо, мекеме-уюмдарда да өткөрүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM