Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында мурда каралып, жарым калган бир катар мыйзам долбоорлорун четке кагуу сунушталып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Ошондой эле Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды. Муну менен жеке ишкерлер үчүн социалдык камсыздандыруу боюнча тарифтик саясатка өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Мындан сырткары депутаттар Украинадагы кырдаалга байланыштуу экономикалык кризисти болтурбоо жана улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча Министрлер кабинетинин маалыматын жабык эшик артында угушту. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
Бейшембиде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында күн тартипте карала турган иштер көптүгүнө байланыштуу ар кыл маселелерге убакыт бөлүнгөн жок.
Төрага Талант Мамытов комитеттердин кароосунда турган мыйзам долбоорлору инвентаризациядан өтүп, бир тобу четке кагылып жатканын билдирди. Бүгүнкү жыйында жети мыйзам долбоорун четке кагуу сунушталып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Андан соң түшкү танаписке чейин депутаттар «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген долбоорду биринчи окууда карашты.
Жыйында баяндама жасаган Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев мыйзам долбоордо чакан жана орто бизнес ээлери үчүн социалдык камсыздандыруу боюнча тарифтик саясатка өзгөртүү сунушталып жатканын маалымдады. Тагыраагы, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин кызматкерлердин санына жана эсептелген эмгек акысына жараша 2022-жылдан 2024-жылга чейин үч жылдык мөөнөткө 27,25%дан 22 жана 14%га чейин төмөндөтүү каралып жатат.
Талкуу маалында депутаттар белгиленген мөөнөттү беш жыл деп өзгөртүүнү сунушташты.
Жыйында депутат Эмил Токтошев тармакта ачык-айкындык керек экенин белгилеп, расмий сайт аркылуу коомчулукка которулган акчалар жана төлөмдөр тууралуу маалымат берип турууга чакырды.
Социалдык фонддун төрагасы аталган мыйзам долбоору аркылуу жыл сайын 10%дык көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу мерчемделгенин белгиледи. Талкуудан кийин мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Түштөн кийин депутаттар Украинадагы окуяларга байланыштуу экономикалык жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Министрлер кабинетинин маалыматын жабык эшик артында угушту. Муну менен катар «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокурордун сунушун караган депутаттык комиссиянын жыйынтыгы да талкууланып жатканын партия мүчөсү Мирбек Мунарбек уулу билдирди.
Анын айтымында, учурда Ак үйдүн алдына «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тарапташтары, мүчөлөрү жалпы 100гө чукул адам чогулуп турат.
«Азыр Жогорку Кеңештин жыйыны жабык эшик артында өтүп жатат. Депутаттык комиссиянын жыйыны да жабык түрүндө өткөн экен. Бирок комиссия мүчөлөрү да бир чечимге келе алышпаптыр «күнөөлүү же күнөөсүз» деп. Анан комиссия мүчөлөрү: «Жалпы жыйынга эле алып чыгып чечебиз», — дешиптир. Азыр Жогорку Кеңеште Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев бар. Эл: «Кол тийбестиги алынабы, алынбайбы?» — деп депутаттардын чечимин күтүп жатышат. Андан сырткары Курманкул Зулушевге бир катар суроолорду берүү үчүн күтүп турушат».
Саат 19:00гө карата Жогорку Кеңештин жабык эшик артындагы жыйыны уланууда, тактап айтсак дээрлик беш саатка созулду.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламенти боюнча комитетине депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунуштамасы 10-февралда келип түшкөн. Аны Башкы прокурор Курманкул Зулушев бергенин комитет төрагасы Медербек Алиев кабарлаган эле.
Андан соң ишти иликтеп чыгуу үчүн төмөнкү курамдагы атайын комиссия түзүлгөн: Айбек Осмонов, Исхак Масалиев, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов, Динара Ашимова, Аманкан Кенжебаев, Азамат Исраилов.
Жалпысынан комиссиянын 5 отуруму болуп, анда Башкы прокуратурадан бир катар документтер талап кылынган.
«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров ошол эле күнү журналисттерге ага «чыккынчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирип, толугу менен саясий куугунтук деп эсептээрин айткан.
Эске салсак, Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча буга чейин да бир топ жолу Башкы прокуратуранын тергөөсүндө болгон. Ал «2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Баткендин Төрт-Көчө тилкеси боюнча протоколго кол койду» деген кине менен суралууда.