Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик Туунун 30 жылдыгына арналган салтанаттан сүрөттөр

Блог , Кыска кабар | 3 Мар 2022 | 298 | 0

Бүгүн, 3-мартта Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында Кыргызстандын мамлекеттик Туусунун кабыл алынганынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Ага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары жана мамлекеттик кызматкерлер катышты.

Бишкек гарнизонунун аскерлери борбордук аянтта турган мамлекеттик Тууну алмаштырып, ал Гимндин коштоосунда көтөрүлдү.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик Туусу 1992-жылдын 3- мартында кабыл алынган. Президенттин 2009-жылдын 10-июнундагы жарлыгы менен бул күн мамлекеттик майрамдардын катарына кошулган. Туунун авторлору: Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Эдил Айдарбеков, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.

Төмөндө мамлекеттик Туунун 30 жылдыгына арналган салтанаттан сүрөттөрдү сунуштайбыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM