Биз менен байланышыңыз

«КТРКны улутташтыргандан эч нерсе өзгөрбөйт»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Мар 2022 | 544 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги КТРКны улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорун даярдап, депутаттар аны колдогону менен эч нерсе өзгөрбөйт. Мындай пикирин медиаэксперт, КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Карыпбеков буга төмөнкүдөй жүйө келтирди:

«Мисалы, УКМК жарандардын телефон сүйлөшүүлөрүн соттун уруксатысыз угуу боюнча мыйзамдаштырып жатпайбы. Буга чейин деле алар соттун чечими жок эле угуп келишкен, бирок эми бул ишти мыйзам чегинде кылабыз деп жатышат. Так-даана ошондой эле КТРКда мыйзамдашуу жүрүп жатат. КТРКда эч качан президенттин каалоосусуз, көзөмөлүсүз башкы директор шайланган эмес. Тарыхта бир жолу гана ачык-айкын конкурс аркылуу жетекчи дайындалган. А буга чейинки жетекчилердин баары президенттердин батасы менен келишкен. Анан кайсы өзгөрүү боюнча сөз болуп жатат? Бул жерде бир гана нерсе өзгөрөт. Буга чейин КТРКнын 15 кишиден турган Байкоочу кеңештеги мүчөлөрү өз кызыкчылыгын коргоп, жетекчини «эзе берчү». Ал эми азыркы мыйзам ошол Байкоочу кеңешти жоготкону эле болот», — деди медиаэксперт.

Мындан сырткары ал улуттук макам үчүн кызматкердин айлыгына 1000 сомдон кошуларын сынга алып, «шылдыңдагандай» көрүнүш болуп жатканын айтты. Ошондой эле маалыматтык стратегияны өзгөртүү үчүн түп-тамырынан карап чыгуу зарылчылыгын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM