Connect with us

Быйыл Нооруз майрамы Баткенде өтөт

Кыска кабар | 2 Мар 2022 | 245 | 0

Быйыл 21-март Нооруз майрамын Баткен облусунда өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбор кабарлады.

Баткенде 15-марттан тарта маданий жумалык жарыяланат. Иш-чарага эл артисттери, маначылар, дастанчылар жана башка маданият өкүлдөрү барышат.

Жергиликтүү калктын руханий дүйнөсүн көтөрүү максатында аймактагы бардык окуу жайларда, мекемелерде, мектептерде атайын чыгармачылык кечелер, жолугушуулар уюштурулат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM