Биз менен байланышыңыз

«Маараке өткөрүүнүн ордуна маданий-агартуу иштери жасалса туура болмок»

Билим-маданият , Коом | 2 Мар 2022 | 3192 | 0

Коомчулук өлкөдөгү белгилүү даталарды өткөрүү оюн-зоок, аш-той менен гана чектелип калып жатканын айтышат. Мындан улам ушундай даталарды белгилөөдө элге түбөлүк пайда бере тургандай иштер жасалса болмогун эскертишет.  

Ош облусунун тургуну Имарбай Бакиров мындай юбилей белгилөөнүн ордуна агартууга байланышкан иштер жасалса туура болмок деген пикирде. Себеби өлкө майрамдык даталарды өткөрүүдө спорттук оюндар же оюн-зоок программалары менен гана чектелип калат.

«Кыргызстан бардык тармак боюнча күн сайын өсүп-өнүгүп жатат. Анын ичинен билим берүү тармагына өзгөчө басым жасалса жакшы болмок. Юбилей өткөрүүнүн ордуна элге пайдасы тийген мекемелерди курса жакшы болмок. Мисалы, мен жашаган айылда музыкалык мектеп жок. Мындан тышкары китеп окуу боюнча да бир топ иш-чараларды өткөрсө болот. Мектеп, китепканалардын аты эле болбосо, ичинде адабий китептер да аз. Ошондой эле окуу залдары да жок. Дүйнөлүк классикада өнүгүү билим берүүдөн башталары баарыбызга маалым. Жаштарыбыздын дүйнө таанымы кенен, билим деңгээли жогору болсо, мамлекет өнүгөт. Ошондой жаштар өлкөнү коргойт, өлкө үчүн күйөт. Улуттук оюндар да керек. Бирок алардын санын канчалык бир деңгээлде азайтуу зарыл».

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбордун жетекчиси Жумакадыр Курмангалиевдин айтымында, облус, шаар, райондордо маданий иш-чараларды өткөрүү планы жергиликтүү маданият үйлөрүнүн жетекчилери тарабынан даярдалып келген. Быйыл министрдин тапшырмасы менен иш-чара өткөрүүнүн атайын жобосу иштелип чыккан.

«Ар бир облустун, райондун өзүнүн бюджети бар. Кандайдыр бир майрамды белгилөөдө көк бөрү оюнун өткөрөбү, концерт коёбу, бул — алардын иши. Спорт тармагын да карабай койгонубуз болбойт. Бирок айылдагы маданият үйлөрү үчүн атайын министрдин буйругу бар. Буйрукта «бала бакчаларга баргыла, драмалык ийримдерди ачкыла, хор ийримдерин ачкыла, кол өнөрчүлүк боюнча да окутууларды ишке киргизгиле» деп көрсөтүлгөн. Быйыл эле чыкты бул буйрук. Учурда ар бир маданият үйүнүн жетекчиси ушул буйруктун негизинде иштеп жатат».

Билим берүү маселелери боюнча адис Асылбек Жоодонбековдун пикиринде, мааракелерге кеткен каражатты узак мөөнөттүү долбоорлорго жумшоо керек. Ал үчүн коомчулуктун да аң-сезими жогору болушу шарт. Спорт оюндарынан сырткары маарекелерди өткөрүүнүн башка да жолдорун издөө керек.

«Жергиликтүү жетекчиликтерге татыктуу адамды коюу — маанилүү. Коомдун аң-сезими көтөрүлсө… Ушунча каражатты утурумдук нерсеге кетирүү туура эмес болуп калат. Бир маарекени өткөрүү үчүн бир канча жылкы, мал союлат. Аны жеп алып эле тарап кетишет. Ошол жерден ойлонуу керек. Бул каражатты билим жаатында өнүгүүгө колдонсо кандай болот деген ойлор болушу керек. Ал үчүн жер-жерлерде ойлонгон, компетенттүү, пикирлешкен адамдардын болушу зарыл. Ошондой эле ал идеяны кандайдыр бир деңгээлде талкуулай алган коом керек. Бүгүнкү күндө биздеги иш-чаралардын баары эле «Ураа! Ураа!» менен бүтүп калып жатат. Бир калыпка салынып калган, жаңы идея киргизилбейт».

Маалымат үчүн айта кетсек, быйыл 21-март Нооруз майрамын Баткен облусунда өткөрүү пландалып жатат. 15-марттан тарта Баткенде маданий жумалык жарыяланат. Иш-чарага маначылар, дастанчылар жана башка өнөрпоздор катышат.

Жергиликтүү калктын руханий дүйнөсүн көтөрүү максатында бардык окуу жайларда, мекемелерде, мектептерде атайын чыгармачылык кечелер, жолугушуулар уюштурулат.

Copyright © 2017 Maral FM