Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду Кыргызстандын үч балбаны ээледи

Кыска кабар , Спорт | 2 Мар 2022 | 1553 | 0

Дүйнөлүк күрөш уюму 2022-жылга карата рейтингдик таблицасын жаңыртты. Анда Кыргызстандын үч балбаны өз салмак категориясында биринчи орунду ээлегени белгилүү болду.

Айтсак, буга чейин да биринчи орунду ээлеп турган кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмактагы Айсулуу Тыныбекова Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan рейтингдик турниринде жеңилгенине карабастан, өз позициясын сактап кала алды. Айсулуу жалпы 86 миң 400 упай топтогон.

Ушул эле рейтингдик турнирде күмүш медаль алган 68 кг салмактагы Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова мурдагы ордунан бир баскыч жогорулап, биринчи орунга көтөрүлдү. Буга чейин биринчиликти бербей келген АКШ балбаны Менсан Тамира Сток бир баскычка ылдыйлаган.

Эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында чемпион болгон 70 кг салмактагы Эрназар Акматалиев да бир тепкичке өйдөлөдү.

Ошол эле учурда грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмактагы Жоламан Шаршенбеков бир тепкич өйдөлөп, кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмактагы Айпери Медет кызы эки тепкич өйдөлөп, экөө тең экинчи сапка жайгашты.

Андан тышкары грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмактагы Акжол Махмудов эки тепкич ылдыйлап, бешинчи сапка, эркин күрөш боюнча 65 кг салмактагы Алибек Осмонов бир тепкич ылдыйлап, тогузунчу сапка түштү.

Ал эми эркин күрөш боюнча 61 кг салмактагы Улукбек Жолдошбеков 16-орундан 9-орунга көтөрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM