Connect with us

«Ысырапкерчиликке каршы мыйзамдын айып пулу 100 миң сомго чейин болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Мар 2022 | 1381 | 0

Азыркы тапта «Той, тажия жана башка иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» мыйзамга элдин, депутаттардын сунуштары эске алынып, толуктоолор киргизилүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, азырынча мыйзамда бир нече мүчүлүштүк бар. Атап айтканда, мыйзамды көзөмөлдөөчү орган көрсөтүлгөн эмес жана кайсы административдик орган айып пул салары белгисиз болуп калган. Ал аталган мыйзамды «Бузуулар жөнүндө» кодекске байлап коюудагы кемчиликтерге токтолду.

«Бизде «Бузуулар жөнүндө» кодекс боюнча айып пулдун өлчөмү 20 миңден ашпашы керек. Бирок азыркы мыйзамга биз айып пулдун өлчөмүн 20 миң сом деп көрсөтсөк, анда көбү баш ийбей коюшу толук мүмкүн. Алалы, колунда бар адамдардын арасында: «Макул, 20 миң сом эле экен, төлөйбүз, өзүбүз каалагандай өткөрө беребиз» дегендер көбөйөт. Ошондуктан «Бузуулар жөнүндө» кодекске да кошумчаларды киргизүү сунушун бердик, ага ылайык мыйзамды аткарбагандар 100 миң сомго чейин айып пул төлөп калышат», — деди Ашимова.

Депутат «коррупциялык көрүнүштөр көбөйөт» деген сөздөрдү четке кагып, мыйзамда механизмдер так жазылып, коррупцияга бөгөт коюларын эскертти.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM