Connect with us

«Ысырапкерчиликке каршы мыйзам ишке ашса, коррупция күч алат»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Мар 2022 | 1207 | 0

Кыргыз эли байыртан салт менен жашап келген. Мыйзам менен убактылуу башкарса болот, ал эми салт дайым түбөлүктүү. Мындай пикирин тарыхчы Кыяс Молдокасымов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Буга байланыштуу ал мыйзам менен салтты карама-каршы койбоо керек деп эсептейт. Анын айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен аксакалдар атайын эреже киргизип, аны так сактоо боюнча эл менен сүйлөшүп алып, мыйзамы жок деле, салт аркылуу чечсе болмок.

Ошол эле учурда тарыхчы соңку мегилде кыргыздарда обу жок ысырапкерчилик, ашыкча ыгым-чыгым орчундуу маселе болуп калганын айтты.

Мындан сырткары Молдокасымов «Той, тажия жана башка иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» мыйзам ишке ашса, коррупция күч аларын эскертти.

«Мыйзам бар жерде коррупция гүлдөйт. Ошондуктан бул мыйзамдан буйтап өтүү үчүн ар кандай амалдар колдонулат», — деди тарыхчы.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM