Харьковдун борборунда, Эркиндик аянтында катуу жарылуу болуп, 5 жай тургун каза тапты. Бул тууралуу «Пиваров» Телеграм каналына жарыяланды.
Видеодо көрүнүп тургандай, ракеталык чабуул таңкы саат 08:00 чамасында болгон.
Эске салсак, Орусия президенти Владимир Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.