Марал Радиосу

Харьковдогу жарылуудан 5 жай тургун каза тапты (видео)

Харьковдун борборунда, Эркиндик аянтында катуу жарылуу болуп, 5 жай тургун каза тапты. Бул тууралуу «Пиваров» Телеграм каналына жарыяланды.

Видеодо көрүнүп тургандай, ракеталык чабуул таңкы саат 08:00 чамасында болгон.

Эске салсак, Орусия президенти Владимир Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген.  Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.

 

Exit mobile version