Connect with us

Украинадагы согуштун бешинчи күнү. Өткөн түндөгү окуялар тизмеги (фото)

Блог | 1 Мар 2022 | 2218 | 0
Орусиянын Украинага кол салганына бүгүн 5 күн болду. Куралдуу кол салуулар уланып, Украинанын экинчи эң ири шаары Харьковдо карапайым калкка да ок атыла баштады.

 

Өткөн түндөгү окуялар тизмеги:

  • Япония Путин, Медведев, Лавров жана Шойгуга каршы санкцияларды киргизди.
  • Украина Евробиримдикке мүчө болуп кирүү үчүн арыз жазды. Тарыхый документке президент Зеленский кол койду.
  • БУУнун эсеби боюнча Украинадан качкандардын саны 500 миңге чукулдады.
  • Walt Disney компаниясы фильмдерин Орусиянын кинотеатрларында көрсөтүүнү токтотту. Warner Bros. премьерага бир күн калганда «Бэтмен» презентациясын токтотту. Netflix Орусиянын телеканалдарын трансляциялоодон баш тартты.
  • Harley-Davidson, Volvo, General Motors компаниялары өнүмдөрүн Орусияга жеткирип берүүсүн токтотту.
  • Mastercard Орусиянын бир катар банктарын өз системасынан чыгарды.
  • Канада дүйнөдө биринчи болуп Орусиядан мунай импорттоодон баш тартты.
  • 28-февраль күнү Орусияда согушка каршы чыккан митингчилерди кармоо уланып, 400дөй жаран камакка алынды.
Чабуулга кабылган Харьков. Фото: Украина ФВВ/ EPA / Scanpix / LETA
Украина. Киев Фото: Aris Messinis / AFP / Scanpix / LETA
Киев. Жардыруудан өрттөлгөн унаалар. Фото: Genya Savilov / AFP / Scanpix / LETA
Киевде азык-түлүк үчүн кезекке туруп жатышат. Фото: Anastasia Vlasova / Getty Images
«Тез жардам» унаасы Киевдеги балдар ооруканасына суу алып келүүдө. Фото: Aris Messinis / AFP / Scanpix / LETA
 Фото: Alexander Ermochenko / Reuters / Scanpix / LETA
Киевдеги балдар ооруканасынын жер төлөсү. Жаңы төрөлгөн балдар үчүн керебеттер.
Фото: Emilio Morenatti / AP / Scanpix / LETA
Согуш күндөрү төрөлгөн наристе, апасы менен бомбадан калкалоочу жайда. Киев. ​​Фото: Chris McGrath / Getty Images
Киевдин тургундары окоп казышууда, 28 февраль. Фото: Dimitar Dilkoff / AFP / Scanpix / LETA
Киев.
Фото: Emilio Morenatti / AP / Scanpix / LETA
Киев шаардык кеңешинин терезелерин кум толтурулган каптар менен тосушкан.
Фото: Zurab Kurtsikidze / EPA / Scanpix / LETA
Беларустун Гомель шаарындагы жолугушуу
Фото: Sergei Kholodilin / BelTA / AP / Scanpix / LETA
Харьковдо талкаланган мектеп.
Фото: Sergey Bobok / AFP / Scanpix / LETA
Ошол эле мектептин башка жагынан көрүнүшү. Фото: Sergey Bobok / AFP / Scanpix / LETA
Львоводогу тургундар Польшага кетүүчү поездге түшүп жатышат. Фото: Thomas Peter / Reuters / Scanpix / LETA
Киевдин борбордук вокзалы. Фото: Dimitar Dilkoff / AFP / Scanpix / LETA
Фото: Emilio Morenatti / AP / Scanpix / LETA
Бучадагы көпүрө талкаланган

Украинадагы согуш: Ар бир кыргызстандыктын чөнтөгүнө сокку ура турган жагдайлар

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM