Орусиянын Украинага кол салганына бүгүн 5 күн болду. Куралдуу кол салуулар уланып, Украинанын экинчи эң ири шаары Харьковдо карапайым калкка да ок атыла баштады.
Өткөн түндөгү окуялар тизмеги:
- Япония Путин, Медведев, Лавров жана Шойгуга каршы санкцияларды киргизди.
- Украина Евробиримдикке мүчө болуп кирүү үчүн арыз жазды. Тарыхый документке президент Зеленский кол койду.
- БУУнун эсеби боюнча Украинадан качкандардын саны 500 миңге чукулдады.
- Walt Disney компаниясы фильмдерин Орусиянын кинотеатрларында көрсөтүүнү токтотту. Warner Bros. премьерага бир күн калганда «Бэтмен» презентациясын токтотту. Netflix Орусиянын телеканалдарын трансляциялоодон баш тартты.
- Harley-Davidson, Volvo, General Motors компаниялары өнүмдөрүн Орусияга жеткирип берүүсүн токтотту.
- Mastercard Орусиянын бир катар банктарын өз системасынан чыгарды.
- Канада дүйнөдө биринчи болуп Орусиядан мунай импорттоодон баш тартты.
- 28-февраль күнү Орусияда согушка каршы чыккан митингчилерди кармоо уланып, 400дөй жаран камакка алынды.