Connect with us

«Кыргыз сомун туруктуу кармоо үчүн — жаңы валюталык системага өтүү маанилүү»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Мар 2022 | 366 | 0

Азыркы дүйнөдөгү кырдаал, анын Кыргызстанга тийгизген таасири орчундуу болуп турат. Мындай учурда өкмөттүн эң негизги максаты: биздин валюталык системабызды туруктуу кармоо. Мындай пикирин экономист Кубан Чороев «Маралдын» эфиринде билдирди.

«Биздин сомду туруктуу кылуу үчүн жаңы валюталык системага өтүү керек. Муну мен жакында эле өкмөт башчы Акылбек Жапаровго да сунуштадым. Бул Улуттук банктын резервдерине биздин улуттук сомду бир курска байлап коюу менен ишке ашат. Ошондо бул курс эч качан өзгөрбөйт, 5-10 болсо да. Анда биздин Кыргызстандын жарандары бул системага ынанмак да, эч кандай тынчсыздануу болмок эмес. Ишкерлерге, инвесторлорго да ыңгайлуу болмок», — деди экономист.

Анын айтымында, биздин монетизациябыз өтө төмөн, тагыраагы, 1 млрд долларга жакын акча тегеренип жатат. Эгерде 1:1 болгондо жаңыдан сомду ошол эле курсту кармап, 80 млрд сомдун тегерегинде экономиканы банк системасы аркылуу каржылаганга мүмкүнчүлүктөр ачылат. Бул мүмкүнчүлүктөр бир гана валюталык башкаруу системасынан өткөндө, сомду долларга байлаганда ачылат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM