Connect with us

«Азыркы кризисте акчаны алтынга алмаштырбай, инвестицияга салган пайдалуу»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Мар 2022 | 538 | 0

Табылган акча өлкөнүн экономикасына иштеши керек. Айрыкча бүгүнкү күндөгүдөй кризистик абалда жумуш орундарды түзүп берип, ишкерлерди акчасын экономикага салым кошууга үндөө зарыл. Мындай пикирин экономист Муратбек Исмаилов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал жарандардын топтогон акчасы болсо, алтынга алмаштырып койгонун туура көрөрүн айтты. Ал эми экинчи жагынан караганда топтолгон акчаны инвестицияга салып, экономикага салым кошуу дагы да натыйжалуу болорун кошумчалады.

«Президенттин алтын боюнча айткандарын инвестиция салууга үндөө аракети катары сыпатташыбыз керек. Эгерде ишкер же жаран 5-10 жылга инвестиция салам десе, анда алтынга инвестиция кылса болот. Бирок акча алтын бойдон тура бергенден көрө экономика үчүн иштеши керек, кошумча нарк жаратып, кошумча жумуш орундарды түзүп, экономиканын өнүгүшүнө салым кошушу керек», — деди экономист.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM