Connect with us

4 миллиондон ашуун сомго бааланган жер тилке мектепке кайтарылды

Кыска кабар | 28 Фев 2022 | 220 | 0

Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы менчикке өтүп кеткен мектептин жерин кайра алып берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2010-жылы Таш-Төбө айыл өкмөтүнүн токтому менен Орто-Сай айылындагы мектепке караштуу болгон жер жеке тарапка мыйзамсыз берилип кеткени аныкталган.

Социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыздар келип түшкөн. 

Прокуратуранын токтомунун негизинде мектептин 4 млн 350 миң 240 сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM