Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы менчикке өтүп кеткен мектептин жерин кайра алып берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 2010-жылы Таш-Төбө айыл өкмөтүнүн токтому менен Орто-Сай айылындагы мектепке караштуу болгон жер жеке тарапка мыйзамсыз берилип кеткени аныкталган.
Социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыздар келип түшкөн.
Прокуратуранын токтомунун негизинде мектептин 4 млн 350 миң 240 сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылган.