Биз менен байланышыңыз

Ысырапкерчиликке каршы мыйзам долбоору үчүнчү жолу сунушталды

Саясат | 28 Фев 2022 | 1247 | 0

Бүгүн, 28-февралда «Той, тажия жана башка иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү. Мыйзам долбоорунун негизги максаты ысырапкерчиликти жоюу жана акча каражатын сарамжал пайдалануу болуп саналат. Буга чейин президент Садыр Жапаров тажияда мал союуга тыюу салган жарлыкка кол койгон. Бул жарлык коомчулукта кызуу талкууланып, жарлык карапайым калк үчүн гана иштеп, колунда барларга иштебей турганын айтышкан. Жаңы сунушталып жаткан долбоордо мыйзам бузган мамлекеттик кызматкерлер ишинен алына турганы жазылган.

Жогорку Кеңеште бүгүн «Той, тажия жана башка иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү. Анда баяндама жасаган демилгечи депутат Улугбек Ормонов мыйзам долбоор ысырапкорчулукту, шаан-шөкөттү азайтуу, ошондой эле каражатты сарамжал пайдалануу максатында жазылганын маалымдады.

«Бул мыйзам долбоору элдик демилгелерди колдоо максатында 2021-жылы иштелип чыгып, талкууга коюлган. Анда көптөгөн сын-пикирлер жана сунуштар келип түштү. Кечээ жакында ушул боюнча президенттин да жарлыгы кабыл алынды. Үй-бүлөлүк салтанаттарга «100-200гө чейин адам чакырылсын, үйлөнүү тойго 200-300гө чейинки адам чакырылсын» деген чектөө сунуш кылганбыз. Никелешүү үчтөн ашпаган унаа менен өткөрүлөт. Тажияга чектөөсүз барат, бирок союшсуз өткөрүлөт. Маркумдун элесине арналган иш-чара 100дөн 300гө чейин адамды чакыруу менен гана өткөрүлөт».

Мыйзам долбоордун биринчи окуусунда мыйзам бузгандарга 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган. Кийин «Бузуулар жөнүндө» кодекске өзгөртүүлөр киргизилген. Анда жеке жактарга салынуучу айып пулдун эң көбү 200 эсептен (20 миң сомдон) ашпоого тийиш экени көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу «Бузуулар жөнүндө» кодекске да өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Талкуу маалында коомдук ишмер Кубаныч Кантороев бул эгемен өлкөнүн 30 жылдык тарыхында эң маанилүү мыйзам боло турганын белгилеп, кыргыз элин жана экономикасын «кууратып» жаткан той-аштардын ашыкчалыгы экенин белгиледи.

Анын айтымында, каада-салтты аткарам деп, бир-бирине болгон атаандаштык күчөп, той-аштар ашыкча ысырапкерчиликке айланды.

«Тойдон бүт баары жадаган, бирок элге уят деп аткарып жатышат. Бул мыйзамды иштей турган кылып жазсак, ар бир жараныбыз жакшы жашап калат, мамлекеттин да экономикасы өсөт. Мен буга толук ишенем. Эгерде айылда бул мыйзам аткарылбай калса, анда айыл өкмөтү кызматтан кетиши керек. Азыр бул боюнча социалдык тармактарда иштеп жатам. Ал жакта 10% гана адамдар каршы болуп жатат. Алар өтө эле көп окуп салган адамдар же калп эле сүйлөгөндөр. А калганы баары колдоп жатат».

Ошондой эле Жалал-Абад облусунан келген юрист Эрмамат Кожоакматов мыйзам долбоордун Башмыйзамга карама-каршы келген жактары бар экенин, себеби ар бир адам менчигин пайдаланууга укуктуу экенин айтып, бирок демократия принциптеринде азчылык көпчүлүккө баш ийгендиктен, ушундай жол менен гана токтотууга боло турганын белгиледи.

Ошондой эле ал Кыргызстан боюнча жалпы эле ырым-жырым, той-аштардын бирдиктүү эрежесин киргизүү зарылдыгын айтты.

«Айрым колунда жок жарандарыбыз намыс үчүн насыя алып, той-аш өткөрүүдө. Натыйжада насыясын төлөй албай, үй-жайын сатып, чет өлкөгө иштеп кеткендер көп. Андыктан бул көйгөйдү чечүү — учур талабы. Кыргызстан боюнча жалпы эле ырым-жырым, той-аштардын бирдиктүү эрежесин киргизүү зарыл. Мен бул боюнча бардык сунуштарымды жазып чыктым».

Ал эми депутат Айбек Маткеримов мыйзам долбоорундагы  бир катар мүчүлүштүктөрдү атап, өзүнүн сунуштарын берди. Муну менен катар көрүстөн шаарларда сатылганы аз келгенсип, эми айылдарда да сатыла баштаганын, маркмдун сөөгү коюла турган жер сатылбасы ачык жазылышы керектигин айтты.

«Маркумдун көрүн казгандарга, жуугандарга сый акы берилип жатат. Ошолордун баарын токтотуу керек. Бул нерсе кийин алтын берүүгө айланып кетет. Бир жыл бою аза күтүп, кийин ак кийим кийгени тойго айланып кетип жатат. Биздин мындай салтыбыз болгон эмес да. Мунун баарын эске алып, туура чечим чыгарабыз».

Жыйынтыгында бардык сунуш-пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоорунун алкагында атайын комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Ага депутаттарды, министрликтердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдордун жана диний мекемелердин өкүлдөрүн киргизүү сунушталды. 

Эске салсак, мындай мыйзам долбоору буга чейин Жогорку Кеңештин V чакырылышында экс-депутат Кыныбек Осмоналиев тарабынан сунушталып, комитеттен өткөн эмес. Андан кийин ушул эле мыйзам экс-депутат Аида Салянова тарабынан демилгеленип, колдоо тапкан эмес. Ошентип бул мыйзам долбоору үчүнчү жолу сунушталып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM