Биз менен байланышыңыз

«Бул шайлоодо админресурс колдонулган жок, бирок добуш сатып алуулар болду»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Фев 2022 | 265 | 0

Борбор калаанын Биринчи Май жана Свердлов окуругдарында өткөн кайра шайлоодо административдик ресурс колдонулган жок. Бул 30 жылда биринчи ирет жакшы кадам болду. Мындай пикирин саясатчы Мавлян Аскарбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Аскарбековдун айтымында, бирок талапкерлер добуштарды сатып алып жаткан аракеттерин токтотушпады.

Мындан сырткары ал Жогорку Кеңешке депутаттарды партиялык тизме жана бир мандаттуу округдар боюнча өз-өзүнчө уюштуруу зарылчылыгына токтолду. Андан кийин мыйзамды анализдеп, толуктоо жана өзгөртүү киргизүү керек.

«Себеби өткөн парламенттик шайлоодо мени менен бирге Биринчи Май районунан аттанган кээ бир талапкерлер 5 миңдей добуш алган. Ошол эле адамдар бул шайлоодо болсо миңге жетпеген добуш алышты. Ал эми Свердлов районунда эл тааныбаган талапкер белгилүү саясатчыларды озуп чыгып парламентке келе жатат. Бул жакшы тенденция эмес», — деди Аскарбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM