Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу жылуулук берүү ишканасынын мурдагы директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМК жүргүзгөн иликтөөнүн жүрүшүндө 2018-2020-жылдарда Майлуу-Суу жылуулук берүү ишканасынын директору Т.Т.М. жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, мазут жана газды эсептен мыйзамсыз чыгарып, андан түшкөн каражатты жеке кызыкчылыгына жумшап келгени аныкталган. Бул иштин кесепетинен өлкө казынасы 56 млн 237 миң 224 сом зыян тарткан.
Аталган фактылардын негизинде 26-февралда Майлуу-Суу шаардык жылуулук берүү ишканасынын мурдагы директору Т.Т.М. кармалып, Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө жүргүзүп жатат.
Эскерте кетсек, Майлуу-Суу жылуулук берүү ишканасынын 2021-жылга чейинки директору Таалайбек Тургунбаев болгону ачык булактарда жазылып калган.