Connect with us

Эл аралык дзюдо федерациясы Владимир Путинди «Ардактуу президент» наамынан ажыратты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Фев 2022 | 1077 | 0

Эл аралык дзюдо федерациясы Орусия президенти Владимир Путинди уюмдун ардактуу президенти жана элчиси катары ыйгарым укуктарын убактылуу токтотту. Бул тууралуу федерациянын сайтына жарыяланды.

«Украинадагы уланып жаткан жаңжалга байланыштуу Эл аралык дзюдо федерациясы Владимир Путиндин федерациянын ардактуу президенти жана элчиси статусун убактылуу токтоткондугун жарыялайт», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Владимир Путинге Эл аралык дзюдо федерациясынын ардактуу президентинин ыйгарым укуктарынын сертификаты 2008-жылы ыйгарылган.

24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик операция жүргүзүү чечимине келгенин билдирген. Украина лидери Владимир Зеленский Орусия Федерациясы менен дипломатиялык мамилени үзгөнүн жарыялаган.

Буга чейин Украина Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза тапканын, 1115 адам жарадар болгонун кабарлаган.

Ал эми 26-февралда Орусиянын 3,5 миңден ашык аскери каза болуп, 200гө жакыны туткунга алынганын украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде айткан. Бирок Орусия тарап бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM