Биз менен байланышыңыз

Амангелдиев: Өлкөдө 2021-жылы ИДПнын көлөмү өстү

Кыска кабар | 26 Фев 2022 | 205 | 0

2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизи катары ички дүң продукциянын өсүү темпи оң көрсөткүчтөргө жетишүү болду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйында билдирди.

Улуттук статкомдун алдын ала эсептөөсү боюнча, 2021-жылга карата ИДПнын көлөмү 723,1 млрд сомду жана реалдуу өсүү темпи 103,6%ды, ал эми «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча ишкананы эсепке албаганда өсүү темпи 103,9%ды (2020-жылы — 91,1%) түздү.

ИДПнын дефлятору 116% деңгээлинде болду.

Айыл чарбасында өндүрүштүн көлөмү 5,0 %га, курулушта – 4,8 %га төмөндөгөн, ал эми өнөр жайда – 7,2 %га, тейлөө чөйрөсүндө – 6,5 %га өскөн.

ИДПнын түзүмүндө товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 41,4%ды, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 45,2%ды түзгөн.

2020-жылга салыштырмалуу 2021-жылы экспорттук жеткирүүлөрдүн азайышы байкалган. Ал алтынды берүү — 3,2 эсеге, тирүү жаныбарларды — 1,8 эсеге, жабдууларды жана механикалык түзүлүштөрдү — 20,9%га, баалуу металлдын рудаларын жана концентраттарын — 2, 2%ге төмөндөшүнө байланыштуу болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM