Биз менен байланышыңыз

Амангелдиев: «Кумтөрдөн» бюджетке канча каражат түшкөнүнөн толук маалыматым жок

Кыска кабар | 26 Фев 2022 | 244 | 0

Бүгүн, 26-февралда өткөн маалымат жыйында Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев «Кумтөрдөн» бюджетке канча каражат түшкөнүнөн толук маалыматы жок экенин билдирди.

«Кумтөрдөн» республикалык бюджетке канча каражат түшкөнүнөн толук маалыматым жок. Жаңылбастан, тактап туруп, так маалымат берели», – деди атайын маалымат жыйын өткөргөн Экономика министри Амангелдиев.

Бирок ушул эле жыйында Амангелдиев «Кумтөргө» тышкы башкаруу киргизилгенде эсебинде 40 миң гана доллар болгонун, азыр мурдагы өндүрүш көлөмүнө келгенин, 2021-жылы киреше салыгы боюнча салыктык милдеттенмелеринин баарын аткарганын айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Финансы министри Алмаз Бакетаев да Кумтөрдүн алтындары кайда сатылып жатканы тууралуу маалыматы жок экенин, аны «Кыргызалтын» гана билерин айткан эле.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-февралда өткөн маалымат жыйында «Кумтөр» кенинде өндүрүлгөн алтын сыртка чыкпай эле сатылып жатканын билдирген.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы  тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк ишкананын 2021-жылда жасаган иштери боюнча отчётунда айткандай, 2021-жылдын он эки айында «Кумтөрдө» 14 миң 561 кг алтын өндүрүлгөн.

Жыл башынан бери ишкана 13,6 миллиард сомдук салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон, план 9 миллиард сом болгон. Ошентип, чегерүүнүн планы 150% ашыгы менен аткарылган.

2021-жылга алтынды сатуудан түшкөн жалпы киреше 856 миллион долларды түзгөн, анын 621 миллион доллары убактылуу тышкы башкаруу учуруна таандык.

Алтындын бир унциясына накталай акчанын жалпы наркы 220 долларга же 16%дан ашыкка кыскарган.

«Кумтөр Голд Компанинин» 2022-жылга карата өнүктүрүү планына ылайык, 17 тоннадан ашык алтын өндүрүү болжолдонууда.

«Кумтөргө» 3 айлык мөөнөткө убактылуу тышкы башкаруу киргизилип, Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу кызматына 18-майда дайындалган.

Учурда «Кумтөр» кенин толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр аяктоо алдында турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM