«Ууру» аталышындагы рейддин жүрүшүндө 547 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Министрлик маалымдагандай, 547 кылмыштын 300ү мүлк уурдоо болгон. Андан тышкары башка уурулук боюнча 134, тоноо боюнча 7, баңгизат сатуу боюнча 4 кылмыш ачылып, 4 мылтык алынган.
Уурулук менен алектенген 8 топ кармалып, алардын арасында батир тоногондор жана чөнтөкчүлөр да бар экени тастыкталган. Ошондой эле кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн 26 адам колго түшкөн.