Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкектин 24 көчөсүндө оңдоо иштери башталат

Кыска кабар | 26 Фев 2022 | 228 | 0

Эртең, 27-февралдан тарта Бишкектин бир катар көчөлөрүндө оңдоо иштери башталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эртең Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жолдорду куруу жана реконструкциялоо иштери жанданат.

Бишкектеги төмөнкү көчөлөр жарым-жартылай жабылып даярдык иштери башталат:

1. Турусбеков көчөсү Ташкент көчөсүнөн Щербаков көчөсүнө чейин;
2. Ак-Босого жаңы конушундагы Архитекторлор көчөсү Кыргыз көчөсүнөн Кичи Чүй каналына чейин;
3. Кулатов көчөсү Каракөл көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин;
4. Стадион көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Магистраль көчөсүнө чейин;
5. Чортеков көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Жайыл Баатыр көчөсүнө чейин;
6. Баба-Ата көчөсү Бакаев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин;
7. Ашар көчөсү Лущин көчөсүнөн Өмүр көчөсүнө чейин;
8. Түгөлбай Ата көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;
9. Коёнкөзов көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн Чуйков көчөсүнө чейин;
10. Чүй проспектиси Ауэзов көчөсүнөн Учкун жаңы конушунун аягына чейин;
11. Гидрокуруучулар көчөсү Курманжан Датка көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин Эне-Сай конушундагы Аламүдүн дарыясынан көпүрө куруу менен;
12. Сухе-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин көпүрөнүн курулушу менен;
13. Карасаев көчөсү Юнусалиев көчөсүнөн Кара-Дарыя көчөсүнө чейин;
14. Кривоносов көчөсү Лев Толстой көчөсүнөн Тойгонбаев көчөсүнө чейин;
15. Бектенов көчөсү Карасаев көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин;
16. Маликов көчөсү Гагарин көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин;
17. Фрунзе көчөсү Т. Гагарин көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
18. Арча-Бешик конушундагы Шералиев көчөсү Жайыл Баатыр көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
19. Манас көчөсү Ташкент көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейин;
20. Мессарош көчөсү Дэн Сяопин көчөсүнөн Жамгырчинов көчөсүнө чейин ;
21. Эр Тайлак көчөсү Арча-Бешик көчөсүнөн Репин көчөсүнө чейин;
22. Жантөшев көчөсү Байтик Баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин;
23. Арча-Бешик конушундагы Жайыл Баатыр көчөсү Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;
24. Өмүр көчөсү Алыкулов көчөсүнөн Тагай Бий көчөсүнө чейин.

Эске салсак, Бишкектин жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында Бишкек шаарында 5 көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчөнү оңдоо пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM