Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев: Быйыл эффективдүү башкарууга жана каржылоого артыкчылык берилет

Кыска кабар | 26 Фев 2022 | 352 | 0

25-февралда Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясы өттү. Ага Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Динара Ашимова, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, ошондой эле министрликтин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Жыйында Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгы менен тааныштырып, 2022-жылга белгиленген максаттары тууралуу сөз кылды.

Бейшеналиев өткөн жылдагы кырдаалды талдап чыгып, министрлик өз күчүн 2040-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү программасын жана 2021-2023-жылдарга тиешелүү иш-чаралар планын ишке ашырууга багыттаганын билдирди.

Министр ошондой эле 2022-жылга түзүмдүк бөлүктөрдүн милдеттерин белгиледи. Алар:

  • кабыл алынган чечимдердин, пландардын аткарылышы үчүн жетекчилердин жеке жоопкерчилигин, өз убагында жана сапаттуу аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү;
  • республиканын мугалимдерин колдоону стимулдаштыруу максатында билим берүү системасындагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу;
  • билим берүүнүн сапаты деңгээлинде:
  • мектеп окуучуларын PISA эл аралык изилдөөсүнө катышууга даярдоо жана окууга даярдоого методикалык колдоо көрсөтүү;
  • билим берүү чөйрөсүндөгү алдыңкы тажрыйбаларды, анын ичинде инновациялык билим берүү программаларын жана моделдерин, эффективдүү методдорун жана технологияларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, көп тилдүү чөйрөнү долбоорлоо, балдарды физикалык, руханий жана адеп-ахлактык жактан тарбиялоо үчүн шарттарды түзүү зарыл.

Бейшеналиев бардык күч-аракет жеткиликтүүлүк, сапат, эффективдүү башкаруу жана каржылоого багыттала турганын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM