Биз менен байланышыңыз

Жакында вакцина сактоочу улуттук кампа курулат

Коом | 25 Фев 2022 | 616 | 0

Кыргызстанда учурда коронавируска каршы вакцинанын 5 миллионго жакын дозасы бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Быйылкы жылдын июль айына чейин калктын 70 пайызын COVID-19га каршы эмдөө пландалууда. Ошондой эле коомчулуктун суранычы менен жакында өлкөгө вакцинанын жаңы түрү алып келинет. Мындан тышкары вакцина сактоочу жаңы улуттук кампа салынат.

Өткөн жылдын февралында калкты эмдөө боюнча улуттук план иштелип чыккан. Ошол эле жылдын августунда ал план жаңыртылган. Азыр эмдөөнүн улуттук планынын үчүнчүсү даярдалып жатат. 2021-жылы вакцинанын 6 млн 168 миң дозасы алынган. Бүгүнкү күндө анын 2 млн дозасы колдонулуп, 4 млн 800 миң 700 дозасы калды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова учурдагы вакцина сактоочу жайлардын абалы тууралуу айтып, жакында вакцина сактоочу улуттук кампа салынарын кабарлады.

«1 млн 697 миң долларга вакцинаны сактоочу сегиз муздаткыч алынган. Алар өлкө аймагындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына жиберилген. Ошондой эле жакынкы аралыкта вакцина сактоочу жаңы улуттук кампа салынат. Өткөн жылы вакцина сактоочу 38 кампа, 217 музаткыч оңдоп-түзөөдөн өттү. Ал эми 2022-жылы 14 кампада оңдоо иштери жүргүзүлөт. Биздин улуттук кампабыз 90 куб метрди түзгөнүнө байланыштуу ал жетишсиз болууда. Жакынкы аралыкта жаңы улуттук кампа салынат. Учурда жер тандалды, тендер жарыяланып, курулуш иштери башталат».

Ушул жылдын январь айында Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанга COVID-19га каршы Pfizer вакцинасынын 149 миң 760 дозасын тапшырган. Вакцина COVAX демилгеси аркылуу берилди. Жалпысынан АКШ 2021-жылдын октябрынан бери Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын 450 миң дозасын жиберген.

Республикалык иммундук алдын алуу борборунун директору Гүлбара Ишенапысова элдин каалоосу менен Кыргызстанга Johnson & Johnson бир дозалык вакцинасы алып келинерин айтты.

«Өлкө өзгөчө кырдаал режимин жокко чыгара элек. «Омикрон» коронавирустун акыркы штаммы жана пандемия аяктады» деп айтуу туура эмес. Бул тууралуу азырынча сөз боло элек. Эми сергек болуп, ден соолугубузду ойлоп, коронавируска каршы вакцина алышыбыз керек. Вакциналар жетиштүү, аларды колдонуу керек. Johnson & Johnson вакцинасы жакында келет, анткени биздин жарандар аны сурап жатышат. Калктын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Бирок калк да активдүү болуп, коронавирус менен күрөшүүдө бизге жардам бериши керек. Johnson & Johnson вакцинасы «Спутник лайт» сыяктуу даярдалат. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда бир катар вакцинанын түрү бар экен».

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги калкты эмдөөдө маалыматтык кампания жүргүздү. Бул тууралуу министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу айтты.

«Ноябрь айында республикалык штабдын чечиминин негизинде эмдөө иштерин чагылдыруу жана жайылтуу биздин министрликке тапшырылган. Эмне үчүн дегенде, мамлекетте маалыматтык саясатты биздин министрлик жүргүзөт. Ошондой эле этностор аралык мамиле деп коёбуз. Бул башкармалык бизде да. Мындан тышкары «жер-жерлердеги жаштар менен иштөө, аларга маалымат жеткирүү иштери жүрсүн» деген таризде бизге жүктөлгөн. Министрлик тарабынан донорлор, өнөктөштөр аркылуу түзүлгөн атайын эксперттик топ бар. Бүгүнкү күндө алар менен биргеликте чоң иштер аткарылып жатат».

Министрликтин маалыматы боюнча, коронавируска каршы вакцинаны эң аз алгандар Бишкек менен Чүйдө катталууда.

Вакцинанын биринчи дозасын 1 млн 428 миң адам, экинчи дозаны 1 млн 156 миң жаран алды.

Декабрь айынан баштап вакцинанын үчүнчү дозасы сайыла баштады. Аны 113 миңден ашык адам алды.

Ушул жылдын июль айына чейин калктын 70 пайызын COVID-19га каршы эмдөө пландалууда.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы өткөн жылы 29-мартта башталган.

Copyright © 2017 Maral FM