Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравияда Кыргызстандын жарманкеси ачылды

Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 218 | 0

Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарындагы Digital City көргөзмө борборунда Кыргызстандын туроператорлорунун, агробизнесинин, кол өнөрчүлөрүнүн жана маданий ишмерлеринин жарманкеси ачылды.

Ачылыш аземге Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Инвестициялар министринин милдетин аткаруучу Нурадил Баясов, Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов, Сауд Аравиянын Экология, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдулрахман бин Абдулмохсен Аль-Фадли катышты.

Маданият министри Жаманкулов жарманке менен тааныштырып, Кыргызстандын туризм, маданият, айыл чарба жана бизнес тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн айтып, арап министрин Кыргызстанга ишкерлер жана инвесторлор менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM