Биз менен байланышыңыз

Украинадагы акыркы абал: Зеленский Путинди ымалага келүүгө чакырды

Дүйнө , Саясат | 25 Фев 2022 | 1944 | 0

Жума, 25 -февраль — Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн Украинага себепсиз басып киришин экинчи күнү. Украинанын бир топ шаарларында, облустарында жардыруу, атышуу орун алып, 25-февралга карата Украинада 137 адам каза таап, 300дөн ашуун адам жарадар болду. Өлкө президенти Владимир Зеленский видеокайрылуу жасап, Украина жалгыз калганын, дүйнө жүзү Украинада болуп жаткан окуяларга алыстан гана көз салып турганын, Орусияга киргизилген санкциялар аздык кылып жатканын билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-февралда эртең менен өлкө жарандарына видеокайрылуу жасады. Анда ал Киевди түнү менен бомбалап чыгышканын, «дүйнөнүн эң күчтүү өлкөлөрү алыстан гана карап»,  Украина өзү жалгыз коргонууга аргасыз болуп жатканын билдирди.

Зеленский жаңы кайрылуусун Орусия жарандарына орус тилинде жолдоду.

«Урматтуу Орусиянын жарандары! Жогоруда белгилегендей, кечээ кечинде алар баатыр шаар Киевди, турак жайларды бомбалай башташты. Мунун баары 1941-жылды эске салат. Митингге чыккан бардык жарандарга айткым келет. Биз силерди көрүп жатабыз. Бул сиздердин бизди угуп жатканыңыздарды билдирет», — деди Зеленский.

Бейшембиде Орусиянын ондогон шаарында Украина менен согушууга каршы нааразылык акциялар өттү. Митингге бийлик уруксат берген эмес. «ОВД-Инфо» бейөкмөт уюму билдиргендей, 24-февралда Орусиянын 53 шаарында 1700дөн ашык адамды полиция кармап кеткен. Москвада 900, Санкт-Петербургда 400 адам кармалган.

Москвадагы митингди чагылдырып жаткан «Свобода» радиосунун үч кабарчысы кармалды. Алардын бири туткундалып жаткан учурунда тартылган видеону редакцияга жөнөтүүгө үлгүргөн. Видеодо кабарчы басма сөз өкүлү экенин айтып жатса да, полиция алып баратканын көрүүгө болот. Журналистти тартип коргоочулар сүйрөп барып, автобуска салышкан.

Кармалгандар Кунцово ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, бир нече сааттан кийин адвокаттын кийлигишүүсү менен бошотулду. Өнөктүк учурунда башка ЖМК кызматкерлери да кармалганы айтылды.

Украинада башталган орус операциясынан улам өлкөдө аскердик абал киргизилген. Буга байланыштуу 18-60 жаштагы эркектер өлкөдөн чыгарылбайт.

Бүгүн НАТОнун Украина боюнча чукул саммити видеоконференция форматында өтөрү айтылган. Анда АКШ президенти Жо Байден НАТОнун башка президенттери жана өкмөт башчылары менен Украинадагы, анын айланасындагы коопсуздук кырдаалын талкуулоону пландаган. Маалым болгондой, сүйлөшүүлөр жабык форматта өтөт. Буга чейин АКШ лидери саммитте Түндүк атлантикалык альянсын чыңдоонун бардык маселелерин карай турганын билдирген. Мындан тышкары жыйынга НАТОго мүчө болбогон Финляндия менен Швеция да чакырылган.

НАТО — Түндүк Атлантикалык Келишим Уюму, ага 30 мамлекет кирет: Албания, АКШ, Бельгия, Болгария, Эстония, Испания, Голландия, Хорватия, Исландия, Италия, Канада, Греция, Литва, Люксембург, Латвия, Норвегия, Польша, Португалия, Франция, Румыния, Германия, Түндүк Македония, Словакия, Словения, Улуу Британия, Дания, Чехия, Түркия, Венгрия, Черногория.

Ал ортодо Европа Биримдиги учак тетиктерин жана жабдууларын, учактын өзүн Орусиянын авиакомпанияларына сатууга тыюу сала турганын Еврокомиссиянын (ЕК) башчысы Урсула фон дер Ляйен Евробиримдиктин кезексиз саммитинен кийин билдиргенин «РИА Новости» жазды.

Евробиримдик «бул санкциялар Орусиянын экономикасынын негизги секторунун жана өлкөнүн байланыш мүмкүнчүлүктөрүнүн кыйрашына алып келет» деп эсептейт.

Мындан тышкары Евробиримдик энергетика тармагына да санкция салып, Орусиянын мунай иштетүүчү заводдорун жаңылоону токтотот. Алар бул негизги экономикалык аймак болуп саналарын, мындан орус тарап чоң жоготууга учурай турганын айткан.

Bloomberg басылмасы билдиргендей, Орусиянын эң бай адамдары Украинадагы аскерий операциянын биринчи эле күнүндө 38 миллиард доллардан ашык чыгымга учурашкан. Эң көп «ЛУКОЙЛдун» президенти Вагит Алекпаров 6,2 миллиард жоготуп, байлыгы 13 миллиард долларга чейин азайган.

Кийинчерээк Зеленский «Твиттерге» Украина натыйжалуу эл аралык жардамга муктаж болуп жатканын жазды. Анын айтымында, ал Орусияга басым кылуу, санкцияларды салуу жана коргонууга жардам берүү маселелери боюнча «Бухарест тогуздугуна» кайрылды.

«Биз биргеликте Орусияны сүйлөшүүгө макул кылышыбыз керек. Биз азыр согушка каршы коалицияга муктажбыз», — деди президент.

Ошол эле маалда украин президенти Орусия акыры Украина менен сүйлөшүүгө барат деп эсептейт. Бул үчүн Украина Орусия менен бейтарап сүйлөшүүгө даяр, бирок Владимир Зеленский коопсуздук кепилдигин алышы керек. Бул тууралуу Украина президентинин аппарат башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк билдирди.

Акыркы маалыматтарга токтолсок, Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын ар кандай күч түзүмдөрүнүн 150дөн ашык аскери куралын таштап, багынып бергенин билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин башка маалыматтарына ылайык,  5 согуштук учак, 1 тик учак, 5 учкучсуз учуучу аппарат атып түшүрүлгөн. Ошондой эле 18 танка жана башка брондолгон машиналар, 7 ракета, 41 атайын аскердик техника жана 5 согуштук катер жок кылынган.

Буга чейин Орусиянын Аскердик аба күчтөрү Чернобыль атомдук электр станциясын басып алганы айтылган эле.

Лондон Орусияга каршы жаңы санкцияларын жарыялады. 25-февралдан тарта британ учактарын, анын ичинде транзиттик учактарын Орусияга учуусуна тыюу салды.

Токио да Донбасстагы кырдаалга байланыштуу Москвага каршы жаңы санкцияларды киргизип жатканын кабарлады. Анын негизинде Япония Орусиянын айрым жарандарына виза берүүгө тыюу салып, жеке адамдардын жана уюмдардын активдерин тоңдурат. Мындан тышкары аскердик максатта колдонула турган товарларды экспорттоого санкция киргизет.

Ага жооп катары Орусия Федералдык Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Батышка жооп иретинде санкциялар топтомун даярдап жатышканын, орус бийлиги Батыштын алсыз жактарын жакшы биле турганын билдирди.

Учурда Украинанын аймагында 1357 кыргыз жараны жашайт, алардын 680и элчиликтин консулдук каттоосунда турат. Бүгүн Кыргызстандын Украинадагы элчилигине өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүнү каалаган 300дөн ашык кыргызстандык кайрылганын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинанын аба мейкиндиги жабылып, «аскердик абал» режими киргизилгенине байланыштуу өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүнү каалаган жарандарын эвакуациялоо маселесин карап жатат.

Бүгүн кечинде Украин президенти Владимир Зеленский Орусия президенти Владимир Путинге кайрылып, сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуштады.

Ошондой эле ал адам өлүмүнүн алдын алууга чакырып, Европанын жардамы жай болуп жатканын белгиледи.

Орусиянын армиясы 24-февралдын таңынан бери Украинанын аймактарын сокку урууда. Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо токтой элек. Киевге жакын жерде орус десанты жүргөнү жана Украинага аннексияланган Крымдан орус аскерлери киргени кабарланууда. Азырынча орус тарап согуштагы жоготуулары боюнча расмий маалымат бере элек.

Copyright © 2017 Maral FM