Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 26-февралда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан жаап, карга айланат.
Күндүз Чүйдүн тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14;
Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +0…+5, күндүз +10…+15;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…+4;
Бишкекте 26-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +11…+13 градус болот.