Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Швейцария банкынан табылган кыргызстандыктардын эсептери териштирилүүдө

Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 178 | 0

Швейцария банкынан табылган эки кыргызстандыктын эсептери боюнча териштирүү башталган. Бул тууралуу «Маралга» Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Жакында эле Швейцариянын Credit Suisse банкында кыргызстандык Рой Азим аттуу жарандын (Орозахун Сайдазимов) эсеби табылганы «Credit Suisse сырлары» деп аталган иликтөөчү журналисттердин маалымат базасында айтылды.

Маалыматка караганда, Рой Азимдин эсеби 1997-жылдан 2013-жылга чейин активдүү болгон. Анын эсебиндеги жогорку сумма 11,6 миллион долларды түзгөн.

Оccrp.org уюмунун журналисттеринин маалыматы боюнча, Рой Азимдин Орусиянын жана Борбор Азиянын кылмыш дүйнөсүнө байланышы бар. Ошол эле учурда Кыргызстандагы эң белгилүү кримтөбөлдөрдүн бири. Ал көптөгөн кылмыштары үчүн дээрлик жети жыл түрмөдө отурган, бирок кийин анын соттолгону жокко чыгарылган.

Кийинчерээк Рой Азим АКШга көчүп кетип, ал жерде кылмыш иши тууралуу маалымат бербегендиктен, «алдамчылык» беренеси менен айып тагылган. Көчүүгө аз калганда ал Credit Suisse компаниясынын инвестициялык бөлүмүндө эсеп ачып, алгачкы үч жылда 567 миң доллардан ашык киреше тапкан.

«Азаттыктын» сайты Credit Suisse банкындагы дагы бир эсептин ээси издөөдө жүргөн мурдагы геология министри Капар Курманалиевдин жубайы экенин жазды.

Copyright © 2017 Maral FM