Биз менен байланышыңыз

Европа Биримдиги Орусиянын авиакомпанияларына тыюу салат

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 176 | 0

Европа Биримдиги (ЕБ) учак тетиктерин жана жабдууларын, учактын өзүн Орусиянын авиакомпанияларына сатууга тыюу салат. Бул тууралуу Еврокомиссиянын (ЕК) башчысы Урсула фон дер Ляйен Евробиримдиктин кезексиз саммитинен кийин билдиргенин «РИА Новости» жазды.

Евробиримдик «бул санкциялар Орусиянын экономикасынын негизги секторунун жана өлкөнүн байланыш мүмкүнчүлүктөрүнүн кыйрашына алып келет» деп эсептейт.

Мындан тышкары Евробиримдик энергетика тармагына да санкция салып, Орусиянын мунай иштетүүчү заводдорун жаңылоону токтотот. Алар бул негизги экономикалык аймак болуп саналарын, мындан орус тарап чоң жоготууга учурай турганын айтат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM