Биз менен байланышыңыз

Украина-Орусия согушунун кесепети Орусиянын өзүнө да тиет

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Фев 2022 | 628 | 0

Эки өлкө  жаңжалынын кесепети далайга барат. Орусиянын өзүнө да залакасын тийгизет. Мындай пикирин коомдук ишмер Алмаз Кулматов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Азыркы тапта Орусиянын жарандары, атактуу инсандар, окумуштуулар орус билйигине кайрылуу жасап, каршылыктарын билдирүүдө.

Мындан сырткары коомдук ишмер Орусиянын таасири дүйнө өлкөлөрүндө кыйла өзгөрөрүн белгиледи.

«Орусияны жек көрүү сезими күчөйт, жаманатты болот, «агрессор» деген атка конот. Аягында сүйлөшүүлөр аркылуу кырдаал чечилиши мүмкүн. Бирок албетте, батыш тарап утат. Украинанын эсебинен жана орустардын экономикасын кыйраткандан утат. Батыш өзүнүн позициясын бекемдейт», — деди Кулматов.

Мындан сырткары ал геосаясий катастрофалар али алдыда жана дүйнө картасы чийилип бүтө электигин эскертти.

«Дагы далай өлкөлөрдү пайда кылып, жок кылып, аймагын азайтып, кеңейтип жүрө турган державалар күчүндө. Алардын амбициясы кана элек. Алардын амбициясы экономикалык кызыкчылык, башка өлкөнүн бизнесин тартып алуу болуп саналат», — деп кошумчалады коомдук ишмер.

Жыйынтыгында өлкөлөр өз ара тил табышарын, бирок бул иш бир обьектинин эсебинен макулдашуу болорун божомолдоду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM