Биз менен байланышыңыз

Исфананын мурунку мэри 44 млн сомдук жер тилкесин мыйзамсыз берген

Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 265 | 0

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Жер мыйзамын бузуу фактысы аныкталды. Текшерүүдө белгилүү болгондой, Лейлек районунун Исфана шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз түрдө 55 жарандын ар бирине 0,06 га, жалпысы 3,3 га жер тилкеси жеке менчикке берилип кеткен.

Аталган факты боюнча Исфана шаарынын мурунку мэри Абдулмухтар Анарботоевге Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакциясы) 320-беренеси («кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен айыбы угузулуп, кылмыш иши кароо үчүн Лейлек райондук сотуна жиберилген.

Облустук прокуратуранын сотко келтирген доо арызы менен жалпы 44 млн сомдук жер тилкеси Исфана шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кайтарылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM