Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Беларустун өкмөт башчылары жолугушту

Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 290 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Беларустун премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров 2020-жылга салыштырмалуу 2021-жылы өз ара байланыштардагы жана эки тараптуу соода динамикасындагы оң көрүнүштөрдү белгиледи.

«Өткөн жылдагы өз ара товар жүгүртүү дээрлик 72 млн долларды түзүп, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 50%га жогорулаган. Бул көрсөткүчтөр интеграциялык бирикмеге кирген биздин мамлекеттердин ортосунда орун алган деңгээлге жооп бербейт. Менин пикиримде, соода жүгүртүүнү жогорулатууга умтулуубуз керек», — деди ал.

Беларустун премьер-министри Роман Головченко өз кезегинде эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого, анын ичинде айыл чарба техникасын, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу транспортун жеткирүүгө даярдыгын билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу маселеси да талкууланды. Мындан тышкары үстүбүздөгү жылдын март айында Бишкек шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынын өткөрүү сунушталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM