Биз менен байланышыңыз

Бактияр Орозов билим берүү министринин биринчи орун басары болду

Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 1933 | 0

Бактияр Орозов билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Министрлер кабинетинин 24-февралдагы тескемеси менен Калысбек Шадыханов башка ишке өткөнүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Министрлер кабинетинин башка тескемеси менен Бактияр Орозов билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Бул кызмат орунга дайындалганга чейин ал Президенттик администрациянын жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти болуп иштеп келген.

Орозов Мамлекеттик кадр кызматынын 2021-жылдын 30-июнундагы №115 буйругу менен Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрларынын улуттук резервине (жогорку кызмат орундарына) киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM