Биз менен байланышыңыз

Украина 40тан ашуун жоокерин жоготту

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 518 | 0

Орусиянын ракеталык чабуулдарынан Украинанын 40тан ашуун жоокери курман болуп, ондогон жоокер жаракат алды. Бул маалыматты Зеленскийдин кеңешчиси Алексей Арестович таратты.

Ал берген тизмеге таянып айтсак, Одесса облусундагы аскердик бөлүктү бомбалоодон алты адам, Мариуполдогу атышуудан бир адам, Херсондо үч чек арачы, Уманда бир жай тургун, Харковдогу кабат үйгө тийген гранатамёттон бир тестиер, дагы башка бир нече адам каза тапкан.

Орусия президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасашты.

Украина президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө ачылган согуш деп атап, Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу дүйнөдөгү чоң өлкөлөрдүн лидерлерин Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM