Биз менен байланышыңыз

Быйыл мыйзамсыз курулган үйлөр документтештирилет

Коом | 24 Фев 2022 | 951 | 0

Бүгүн Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жыл жыйынтыгын чыгарган жыйын өткөрдү. Алар өлкөдөгү уруксатсыз курулган үйлөрдүн маселеси караларын белгиледи. Учурда Жогорку Кеңеште буга байланыштуу мыйзам долбоору каралууда. Ошондой эле мамлекеттик агенттик такыр жерлерди көрктөндүрүү иштерин жигердүү жүргүзүп жатат.

Президент өткөн жылдын башында уруксатсыз салынган турак жайларды трансформациялоо тапшырмасын берген. Өлкө аймагында 13 миң гектардан ашык жердеги турак жай мыйзамсыз салынган. Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик кайра тактоо иштерин жүргүзгөндө бул көрсөткүч эки эсе көп болуп чыккан.

Мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев өзүм билемдик менен курулган үйлөрдүн баары мыйзамдаштырылбай турганын билдирди.

«Президенттин тапшырмасынын негизинде бир топ иштер аткарылды. Кыргызстандын аймагында 13 миң гектардан ашык жерде мыйзамсыз үйлөр курулган. Кайра тактоо иштерин жүргүзгөндө бул көрсөткүч эки эсе көп болуп чыкты. Өзүм билемдик менен курулган үйлөрдүн баары мыйзамдаштырылбайт. Анткени полигонго, мүрзөгө, суу алып кете турган жерге, газ түтүктөрү же электр чубалгалары өткөн мамычалардын алдына куруп алган үйлөр жок эмес. Алдын ала маалыматка караганда бул сыяктуу үйлөр курулган жердин аянты 2 миң гектарга жакын болууда. Жумуштарды аткаруу боюнча атайын мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкуудан өтүп, парламентте каралып жатат».

Жер кадастры жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Талант Акматов быйыл уруксатсыз курулган имараттарды трансформациялоо иштерине өзгөчө басым жасаларын белгиледи.

«Биздин мекеме учурда жарандарга карата төрт кызмат көрсөтөт: техникалык паспорт, маалымат берүү, курулушка укук берген документ даярдоо. 2022-жылы көбүнчө трансформациялоого көңүл бурулат. Уруксатсыз курулган курулуштарды, уруксатсыз ээлеп алган жерлерди аныктоо иштери жүрүүдө. Андан сырткары мамлекеттик фонддун жерлерин аныктоо, тактоо боюнча №309 токтомдун негизинде да иштеп жатабыз. Бул боюнча чоң жумуштар аткарылууда. Бирок толук аяктай элек».

Жер ресурстар боюнча адистердин пикиринде, жер кыртышынын бузулушунан, жайыт которуу болбогондуктан жана башка себептерден улам өлкөдөгү жайыттар такырайып кетти. Буга байланыштуу жайыттарды ижарага берүү мыйзамы жазылган.

Жер бөлүштүрүүнү долбоорлоо мамлекеттик институтунун жетекчиси Алмаз Абдиевдин айтымында, Кыргызстандын аймагында 9 млн гектар жайыт бар, алардын көбүнө мал жаюу мүмкүн эмес.

«Кыргызстанда такыр жерлерди өздөштүрүү боюнча иштер жигердүү жүрүп жатат. Мунун бардыгы адамдын аракетинен, ошондой эле табигый себептерден улам болуп жатат. Биздин «Кыргызгипрозем» институту жердин геоботаникасын, ошондой эле кыртышын изилдөө менен алектенет. Айыл чарба жерлеринин сапаты боюнча маалымат беребиз. Ошентип, бизге какыр жерлерди аныктоо жана аларды андан ары багбанчылык сыяктуу башка иштерге өздөштүрүү тапшырмасы берилди. Ушундай жол менен жерди калыбына келтирсек болот. Алсак, 2020-жылы жана 2021-жылы ушундай эле иштер Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарында жүргүзүлгөн. Быйылкы жылы Нарын, Чүй жана Талас облустарында жүргүзүү пландалууда».

Декабрь айында Сокулук районунун ЖЭБ-2 конушундагы 680ден ашык адамга жер тилкесин күбөлөндүрүүчү документ берилген.

Өлкө боюнча бүгүнкү күндө жалпы 130 миңге жакын үй мыйзамсыз курулган. Алардын көбү Бишкек шаарында жайгашкан.

Жогорку Кеңеште бул имараттарды документтештирүү боюнча мыйзам долбоору каралууда. Санитардык жана коопсуздук эрежелери сакталбаган аймактарга салынган үйлөрдөн тышкаркы турак жайдын баары мыйзамдаштырылат.

Мыйзам кабыл алынгандан кийин бул имараттарга текшерүү жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM