Айбек ,Жунушалиев Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгына жетекчи болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Өлкө башчынын дагы бир жарлыгы менен башкармалыкты буга чейин жетектеп келген Кубатбек Кожоналиев ээлеген кызматынан бошотулду.
Айбек Жунушалиев 1976-жылы 6-июлда туулган. 2021-жылдын август айынан бери Бишкек шаарынын мэри кызматында иштеген. Ага чейин бир катар мамлекеттик кызматтарды аркалаган.