Биз менен байланышыңыз

Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин мэри болуп дайындалды

Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 378 | 0

Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Өлкө башчынын дагы бир буйругу менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ээлеген ордунан бошотулду.

63 жаштагы Эмилбек Абдыкадыров Таластын Кара-Ой айылында туулган. Ал буга чейин Ала-Бука районунун акими кызматын аркалаган. Аскар Акаев президент болуп турганда бир нече жыл Бишкек шаарынын вице-мэри болгон. Андан тышкары «Нур Строй монтаж» курулуш компаниясынын башкы директору катары белгилүү.

Copyright © 2017 Maral FM