Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигинде жасалып жаткан реформалар тууралуу пикирин билдирди.
Анын айтымында, учурда министрликте жасалып жаткан иштер — болгону калыбына келтирүү.
«Анткени буга чейин чет өлкөдөн келгендер реформа деп, «поликлиникаларды үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору» кылып өзгөртүп, «жамандын коногу бийлейт» болуп калган. Муну баары каражаттын жоктугунан, кедейчиликтен болуп келген. Сырттан келгендер: «Үч тыйын беребиз, ал үчүн мобу-мобу иштерди аткарышыңар керек», — деп келген. Ошондуктан азыркы бийликтин негизги саясаты — керектүү каражатты өзүбүз тапканга аракет кылып жатабыз» , — деди Байсалов.
Ошондой эле Байсалов: «Элге өзүбүздөн башка эч ким кам көрө албайт. Эми баарын өзүбүз билебиз жана өзүбүз чечебиз. Жакында чечкиндүү кадамдарга барабыз», — деди.