Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев: «Достук» ооруканасында бөйрөккө, боорго операция жасалат

Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 172 | 0

Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасында дүйнө жүзүндөгү бардык операция жасалып жатат. Ошол эле учурда баасы да өтө эле арзан. Мисалы, стент коюу 50 миң сом турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Ошондой эле министр аталган ооруканада бөйрөк менен боорду алмаштыруучу операция киргизилгенин, бир жылда 300гө чейин операция жасоо пландалып жатканын айтты.

Ага өкмөттөн 20 млн сом бөлүнүп, лабораторияга жалпы текшерүүчү аппарат алынган. Ошол эле учурда рак ооруларын лазердик нур менен дарылоо үчүн адистер окутулуп жатат.

«Ушул демалыш күндөрү 3 адисти атайын окуп келүү үчүн Орусияга жөнөтүп жатабыз. Алар окуусун аяктап келгенден кийин рак шишиктерин лазердик нур менен ала баштайбыз» , — деди Бейшеналиев.

Copyright © 2017 Maral FM