Өткөн жылы эне-бала өлүмү мурдагы жылдарга салыштырмалуу өстү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, бир жума мурун эне-бала өлүмү боюнча министрликтин коллегиясы өткөн.
«Бир жума мурун эне-бала өлүмү боюнча бизде коллегия өттү. Анда төрт башкы дарыгер кызматынан алынды. Андан сырткары ондон ашык башкы дарыгерге сөгүш жарыяланды», — деди Бейшеналиев.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралууда.
Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов баштаган тиешелүү жетекчилер катышып жатат.