Биз менен байланышыңыз

Милдеттүү медкамсыздандыруу фонду 2020-жылы 37 млн сомдук мыйзам бузган

Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 162 | 0

Бүгүн, 24-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы, 2021-жылга карата бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууда талкууланып жатат.

Жыйында белгилүү болгондой, 2020-жыл үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттик параметрлери кирешелер боюнча 17 млрд 137 млн сом жана чыгашалар боюнча 16 млрд 9 млн сом суммасында белгиленген.

Талкуу маалында Айбек Осмонов Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда 2020-жылы канча каржылык мыйзам бузуу аныкталганына кызыкты.

Эсеп палатасынын өкүлү 37,3 млн сом көлөмдөгү каржылык мыйзам бузуу аныкталган. Анын ичинен 24,3 млн сом калыбына келтирилиши керек болчу. Бирок аудиттин жүрүшүндө 13 млн сом гана калыбына келтирилген.

«Биз ошол кезде кайсы бузуулар болгонун тактап чыкканбыз. Бирок 2020-жылдын июнь-июль-сентябрь айларында өзүнчө токтом чыгып, ошол кезде көп акча коронавирус оорусу менен күрөшүүгө берилген экен. Ошолорду тактап, учурда алар кайтарылып берилип жатат. Ал сумма айлыктан жана дары-дармектен кайтарылып берилип жатат», — деди Бейшеналиев.

Ушундай эле пикирге токтолгон Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Улан Примов аталган мыйзам бузууларга карата кандай чаралар колдонулуп, кантип кайра калыбына келтирилип жатканын тактады. Ошондой эле ал 2020-жылы коронавирустун оор мезгилинде чоң суммадагы акча каражат жумшалганын белгилеп, мындан жөнөкөй дарыгерлер жабыр тартпашы керектигин эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM