Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев: Он эки жеке медициналык окуу жай жабылат

Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 485 | 0

Кыргызстандагы 12 жеке медициналык окуу жай жабылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бешөө 1-апрелге чейин текшерилет.

«17 жеке менчик медициналык окуу жайында көбүнчөсү Пакистандан, Индиядан келген студенттер билим алышат, бирок андагы билимдин сапаты тиешелүү талаптарга жооп бербейт», — деди Бейшеналиев.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөг» мыйзамдын долбоору да экинчи окууда каралууда.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов баштаган тиешелүү жетекчилер катышып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM