Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн Баткендеги биринчи көчмө жыйыны: Сандар жана убадалар

Саясат | 22 Фев 2022 | 507 | 0

Бүгүн Баткен облусу түзүлгөн 1999-жылдан бери биринчи жолу Министрлер кабинетинин толук курамы көчмө жыйын өткөрдү. Анда облустун инфраструктурасы, социалдык-экономикалык жана инвестициялык өнүгүүсү, жазгы талаа иштерине даярдыктар каралды. Өткөн жылы Баткен облусун өнүктүрүүгө 1 млрд 272 млн сом бөлүнгөн. Баткенге берилген өзгөчө макам жана облусту өнүктүрүү программасынын негизинде аткарыла турган иш пландар жөнүндө алдыда кененирээк токтолобуз.

Өткөн жылдын сентябрь айында Баткен облусуна өзгөчө макам берилип, өнүктүрүү программасы кабыл алынган. Программада чек ара маселесин жана социалдык көйгөйлөрдү чечүү, эркин экономикалык аймак түзүү, бизнести өнүктүрүү, иш орундарын ачуу максат кылынган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров көчмө жыйында билдиргендей, «Баткен облусуна өзгөчө статус берүү жөнүндө» мыйзамдын негизги мазмуну облусту өнүктүрүү, бизнести алып келгенге шарттарды түзүү болуп саналат.

Жапаровдун пикиринде, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоону жыйынтыктоо — Министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири.

«Эми тажиктер менен кечке эле чырдаша бербейбиз. Чек ара сөзсүз ачылат жана турукташат. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерине чекит коюлат. Соода алакабыз мындан ары уланат деп биз ишенебиз. Алар да «Эркечтам» өткөрмө бекети аркылуу Кытайга аттанат. Муну баары бизге киреше болот. Чек ара инфраструктурасы жакшыртылып, жаңы заставалар курулат. Баткен облусун өнүктүрүү боюнча пландар чоң жана биз аларды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз.Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев активдүү иш алып барып жатат».

2012-жылдан баштап 2020-жылга чейин Баткен облусуна жалпы 1 млрд 300 млн сом берилген. Ал эми 2021-жылы бюджеттин тартыштыгына карабай, капиталдык салымдар боюнча эле 1 млрд 272 млн сом бөлүнгөн. Быйыл мындан да көп сумма карала турганын көчмө жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусун өнүктүрүү программасынын негизинде ар жылы 500 млн сомдон кем эмес акча бөлүү тапшырылган.

«Ошону биз быйылтан баштап аткарабыз. Үч багыт боюнча иш алып барып жатабыз. Биринчиси, айыл чарба, энергетика, кайра иштетүү, инновация, жеңил өнөр жай жана тамак-аш ишканалары жаңы ачылса, алар киреше салыгынын 5%ын гана төлөйт, пайда салыгынан жана сатуудан түшкөн салыктан бошотулат. Экинчиси, инвестициялык режим боюнча. Андан сырткары мамлекеттик кызматтарды жеңилдетүү үчүн бюджеттен 25 млн сом бөлүндү. Бул жакта саламаттыкты сактоо мекемелеринен берилүүчү маалымкаттар эки эсе арзандайт».

Ошондой эле ал чек арага жакын жайгашкан айылдардагы тургундардын кызыл китептери бюджеттик эсептен даярдала турганын кошумчалады.

«Айыл чарбасын каржылоо-10» долбоорунун алкагында Баткен облусундагы дыйкан, фермерлерге жеңилдетилген насыя бериле баштады. Бул үчүн облуска 5 млрд сом бөлүнгөн.

Насыя негизинен «Айыл банк», «РСК банк», «Керемет банк» аркылуу 6%дык үстөк менен берилет. Малчылар жана дыйкандар 3 жылдык мөөнөт менен 3 млн сомдон ала алышат. Ошол эле учурда күрөө коюлбаган насыялардын өлчөмү 150 миң сомдон 300 миң сомго көтөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикерим Алимбаев өткөн жылдын 28-29-30-апрелинде тажик тараптын Баткен облусуна куралдуу кол салуусунан кийинки чыгымдын өлчөмү жана аткарылган иштер боюнча маалымат берди.

«Өткөн жылдын 28-29-30-апрелинде тажик тараптын Баткен облусуна куралдуу кол салуусунан кийинки чыгым 1 млрд 351 млн сомду түздү. Баткен окуясында тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 36 кыргызстандык курман болуп, 173 адам жаракат алган. Облуста 548 миң адам туруктуу жашайт, анын 76%ы — элеттиктер».

Жыйында Баткенде аскердик кызмат өтөөнүн бир айы эки айга эсептеле турганы белгилүү болду. Жапаровдун айтымында, 2021-жылдын май айынан тарта чек арачылардын жана Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлеринин айлык акысы 50-70%га көтөрүлдү.

Баткен облусу Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешип, жалпы чек аранын узундугу 1066 км аралыкты түзөт. Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 392 км, анын ичинде 4 анклав жайгашкан. Ал эми кыргыз-тажик чек арасы 673 км аралыкты түзүп, эки анклав орун алган.

Copyright © 2017 Maral FM