Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстанда шарт жок болгондуктан, инвесторлор сыртка чыгып кетүүгө аргасыз болууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Фев 2022 | 356 | 0

Кыргызстанга келе турган жаңы инвесторлордун агымы анчейин жакшы эмес, ошол эле учурда азыр иштеп жаткан инвесторлор да чет жакка чыгып кетүүдө. Бул тууралуу Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мүсүралиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Өлкөдөгү инвестициялык инфратүзүмдүн абалы жакшы болбогонуна эки себеп бар: биринчиси, пандемиядан кийин инвестицияда эл аралык деңгээлде атаандаштык күч ала баштады; экинчиден, 2020-жылы октябрь окуясынан кийин саясий кырдаал ишкерлерге таасирин тийгизип, аларды чоочулатты. Буга байланыштуу алар өздөрүнүн бизнес, активдерин Кыргызстандан чыгара башташты.

Бизнес-акыйкатчынын орун басары ар бир инвестор көз карандысыз сот системасы орногон өлкөгө келерин белгиледи.

«Мыйзамдар иштесе, бардык жарандар, ишкерлер, өзгөчө «аткаминерлер» мыйзамдарга баш ийсе, укук үстөмдүгү болсо гана мамлекетте инвестиция тартууда шарт түзүлөт да, инвесторлор өздөрү кызыга баштайт», — деди Мүсүралиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM